Бишкекте миллион сомдон ашык уурулукка байланыштуу 33 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 30-декабрда Ленин районунун милициясына 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн акча каражаттарын жана алтын буюмдарын уурдатканын айткан. Келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 454 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда да уурулук менен соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан