"Тамырын чабыңыз". Баткендик тургундар Камчыбек Ташиевге өзгөчө белек беришти

Баткен облусунун жаштары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белек кылышты. Бул тууралуу УКМКнын билдирүүсүндө айтылды.

Бүгүн, 18-апрелде Ташиев Баткендин тургундары менен чек ара боюнча жолугушуу өткөргөн.

"Баткен жаштары Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белек кылышты. Анда алар мындан ары дагы коррупционерлер жана элдин тынчтыгына, ынтымагына, өлкөнүн өнүгүшүнө каршы болуп жаткандардын тамырын чабууну күчөтүүнү улантуу зарылдыгын айтышты", - деп билдиришти УКМКдан.

Чогулган эл тарабынан өлкө жетекчилигине ыраазычылык айтылып, аксакалдар ак батасын беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан