Владимир Зеленский орусиялык белгилүү мушкерлер боюнча чечим кабыл алды

Орусиялык мушкерлер Денис Лебедев менен Руслан Проводников Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин санкциялык тизмесине киргизилди.

Тиешелүү жарлыкка Зеленский бүгүн, 18-апрелде кол койду. Санкциялык тизмеге Орусиянын көптөгөн маданият ишмерлеринен тышкары спортчулары да кирген. Тактап айтканда, тизмеге орусиялык мушкерлер Денис Лебедев менен Руслан Проводников кирген.

44 жаштагы Лебедев карьерасын 2019-жылы аяктаган. Орусиялык оор салмактагы мурдагы чемпион. Жалпысынан анын профессионалдык бокста 32 жеңиши (23ү нокаут менен) жана үч жолу жеңилүүсү бар.

Ал эми Руслан Проводников 41 жашта. Ал профессионалдык рингде дебютун 2006-жылдын декабрь айында жасаган. Анын акыркы беттеши 2016-жылдын 11-июнунда болгон. Бул аралыкта орусиялык мушкер 25 жеңишке жетип жазып, беш жолу жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан