Белгилүү орусиялык актёр Михаил Боярский бийиктен кулап кетип, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграмм каналдары жазышты.
Окуя 14-апрелде болгон. Анда 75 жаштагы Боярский спектакль ойноп жатып чалынып кетип, 3 метрдей бийиктиктен бели менен жерге кулап түшкөн.
"Дарыгерлер ага көкүрөк жана омуртка жаракаты, ошондой эле майда сыныктар, көкүрөктүн жабык травмасы деген диагноз коюшкан", - деп айтылат маалыматта.
Эми актёр жарым жылдан ашык дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.