Түштүк африкалык жөө күлүк атактуу Усэйн Болттун рекордун жаңылады

Түштүк африкалык жөө күлүк Акани Симбин 11-сезон катары менен 100 метрди 10 секундага жетпенен убакытта чуркап өтүп, атактуу ямайкалык Усэйн Болттун рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

31 жаштагы Симбин Ботсванада өткөн турнирде 100 метрди 9,90 секундада чуркап өткөн.

Сегиз жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөлүк рекорддун ээси (9,58) Усейн Болт 10 сезон катары менен 100 метрге чуркоодо 10 секундага жетпеген убакытта келген.

Жеке рекорду 9,82 секунд болгон Симбин 4х100 метрге эстафетада чуркоодо Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан