Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтүп жаткан "2025 USA Boxing International Open" эл аралык турниринде финалга чыкты.
Жарым финалда кыргыз мушкери америкалык Дэрл Брэутен аттуу мушкер менен кез келип, аны оңой эле жеңип, финалга жолдомо алган. Эми кыргыз мушкери алтын байге үчүн күч сынашат.
Ошондой эле дагы бир кыргыз мушкери Зафарбек Камилов АКШдагы турнирдин финалына чыккан.