Бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. (Тилекмат Куренов) аттуу Кыргыз жараны БАЭден кармалып, өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттар аркылуу өлкөдө бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.
"Учурда К.у.Т.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.