Мамлекеттик кызматкерлерге никаб кийүүгө тыюу салган мыйзамдын нормалары түшүндүрүлдү

18-апрелде президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жүзүн жаап жүргөн жарандарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр иштери боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты.

"Жыйында жаңы кабыл алынган мыйзамдын алкагында жүзүн жаап жүргөн жана өздүк иденттиги аныкталбаган жарандарды мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизүүгө тыюу салуу жана бул талапты бузган учурда айып пул салынары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, катышуучуларга мыйзамдын талаптарын жарандарга туура жана түшүнүктүү жеткирүү жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, суроолорго жооптор берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров паранжа жана никаб туурасында чыккан мыйзам жана фатва тууралуу маалымат берген. Мындан тышкары муфтият да коомчулукка кайрылган.
Ал эми рейддик иштер алгачкы ирет Жалал-Абадда орун алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2025-04-20 15:20:00
Кыздардын чүмкөнүүсү аларга терс таасирин тийгизит. Бул учурда кыздар коомдо инсан катары эмес, жөн гана буюм сыяктуу каралыып калат. Буга чүмкөнүп жашашкан Афганистан мисал. Диний фанатизм коомду "биз" жана "алар" деп бөлүп, өз ара бөлүнүүгө түрткү берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан