Коңшу Кытайдын Пекин шаары дүйнөдө биринчилерден болуп 10G интернетин киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык Huawei жана China Unicom компаниялары Пекиндин чет жакасындагы Сионьань шаарында 10G тармагын ишке киргизишкен. 10G Пекиндеги буга чейинки интернетке кошулууну миллисекундага чейин азайтат.
Мисалы, шаарда 2 сааттык көлөмү 90 гигабайт болгон тасманы көчүрүү буга чейинки интернетте 12 мүнөттү талап кылган болсо, 10G менен ушул эле тасма 72 секундда жүктөлөт.
Кытайлык компаниянын өкүлдөрү 10G интернетин ийгиликтүү сыноодон өткөрүп, андан кийин шаар тургундарына таратышкан.