Ошто сел жүрүп, жолдун 70 метри чөгүп кетти (фото)

Бүгүн, 20-апрель күнү Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында, Ак-Терек – Папан – Кожокелен автожолунун 11-чакырымында тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен жолдун болжол менен 70 метр аралыгы чөгүп кеткен. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Натыйжада жол каттамы толугу менен үзгүлтүккө учураган.

"Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, "Кыргызавтожол-Түштүк" N21 жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш алып барылууда.

Жол каттамын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат жана жол бүгүн кечке чейин толугу менен ачылат", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан