Коңшу Казакстандын Алматы шаарында сатка айланган Almaty Half Marathon марафонунда эки катышуучу каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, марафон учурунда тажрыйбалуу эки марафончу - 84 жаштагы Аккоян Рсалиев жана 21 жаштагы Нурбол Ахмади каза болгон.
Экөө тең жарышка көп жолу катышкан тажрыйбалуу марафончулар болчу. Аккоян Рсалиев 2021-жылдан бери марафондорго үзгүлтүксүз катышып, 21,1 чакырым жана 10 чакырым аралыктарды ийгиликтүү чуркап өтүп келген.
21 жаштагы Нурбол Ахмади буга чейин "Кышкы чуркоо-2025" мелдешинде 10 чакырымдык жарышка катышкан.
Ал эми бул жолу эки катышуучу тең 21,1 чакырым аралыкка чуркашкан. Рсалиев жарыштын 1-чакырымында эле өзүн жаман сезип жыгылган. Дарыгерлер келгенде эле анын пульсу жок экенин аныкташкан.
21 жаштагы марафончу 16-чакырымга келгенде эс-учун жоготуп жыгылган. "Тез жардам" кызматы келгенде ал дагы дем албай калган.
Марафондун уюштуруучулары маркумдардын жакындарына материалдык жактан жардам берүүнү пландоодо.