Бишкектеги премиум-класстагы батирлер мамлекетке алынды (фото)

Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум-класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда курулган турак жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштарды пайдалануу жолу менен соттун чечиминин негизинде милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилкеси үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 3 блоктон жана премиум-класстагы батирлерден турган "Президент" турак жай комплекси учурда «В*» курулуш компаниясы тарабынан 0,75 гектар жер тилкесинде курулуп жаткандыгы аныкталган. "В*" курулуш компаниясы ак ниеттүү сатып алуучу катары мамлекетке ыктыярдуу негизде 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), башкача айтканда, 20 батир жана 2 коммерциялык жайды, жалпы аянты 2285 чарчы метр, өткөрүп берди", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК Бишкек шаарындагы жер тилкелери боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктоо иштерин улантып, тиешеси бар адамдарды тактоо жүрүп жатканын кошумчалады.

"Аларга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлмөкчү. Мындан тышкары жогорудагы фактынын негизинде судьялардын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп баса белгилешти атайын кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан