Шаарыбызга кам көрүү: Beeline Бишкектин борборунда ишембилик өткөрдү

«Beeline Кыргызстан» уюлдук оператору 19-апрелде бүткүл өлкө боюнча өткөн «Улуттук тазалык күнү» экологиялык акциясына кошулду. Компания борбор калаанын эң кооз жерлеринин бири болгон «Театральный» сейилбагында ишембилик өткөрдү.

Ишембиликке Beeline'дын 50дөн ашык кызматкери чыкты, анын ичинде топ-менеджменттин өкүлдөрү. Алар парктын аймагын шыктануу менен тазалап, таштандыларды чогултуп, «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына жашыл зонаны иретке келтирүүгө жардам беришти. Ынтымак жана позитивдүү маанайдын атмосферасында убакыт абдан тез өттү, ал эми сүйүктүү шаарыбызга көп пайда алып келдик.

«Beeline үчүн жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын сунуштоо гана эмес, күнүмдүк иштерде пайдалуу болуу, ошондой эле жалпы үйүбүз Кыргызстандын жакшылыгына салым кошуу дагы маанилүү. «Улуттук тазалык күнү» сыяктуу демилгелер коомго, жаратылышка жана бири-бирибизге болгон жоопкерчилик маданиятын жаратышат. Жана, албетте, алар командалык духту бекемдешет — биргелешип иштесек, кичинекей кадамдар да чоң өзгөрүүлөргө алып келишет», – деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.

Экологиялык демилгелерге катышуу Beeline үчүн салтка айланды. Компания айлана-чөйрөгө кам көрүүнү, социалдык жоопкерчиликти жана туура корпоративдик башкарууну камтыган ESG принциптерин жигердүү ишке киргизип, илгерилетип келет.

Beeline жыл сайын Бишкекте жана аймактарда ишембиликтерге катышат, бак-дарактарды отургузат, экологиялык челлендждерди жана акцияларды уюштурат. Beeline'дын кеңселеринде таштандыларды сорттоо, кагазды үнөмдөө боюнча процесстерди санариптештирүү жана күнүмдүк жумушта туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүү сыяктуу экопрограммалар ишке ашырылат.

Beeline Кыргызстан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана эмес, ыңгайлуу шарттарды да түзүү менен социалдык жана экологиялык долбоорлорду өнүктүрүүнү уланта бермекчи.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан