Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Айры-Там айылынын тургуну атасына аш берүүнүн ордуна айылга көпүрө салды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талантбек Жумабаев эки айылдын тургундарын байланыштыруучу көпүрөнү 400 миң сомго куруп берген.
"Аталган көпүрө Айры-Там менен кошуна айылды байланыштырат. Буга чейин жамгыр жааганда же суу көбөйгөндө жашоочулар өтө албай, айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышчу. Эми болсо көпүрө алардын коопсуздугун жана күнүмдүк тиричилигиндеги ыңгайлуулукту камсыздайт", - деп билдирген муфтият.
Мындан сырткары көпүрөнүн ачылыш аземинде Куран жарыш да уюштурулуп, ага жаш өспүрүмдөр катышкан. Катышуучуларга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылганы айтылды.