Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев мобилдик телефондорду каттоону мамлекет өзүнө алышы керек деген пикирин айтты.
Ал былтыр июль айынан бери телефондорду Инмобайлс жеке компаниясы каттодон өткөрүп келе жатканын белгилеп, ар бир телефонду каттоодо 600 сомдон алып жатканын айтты. Депутат компания мындан жарым жылда 180 миллион сом киреше тапканын, мамлекетке 21 миллион сом киреше салыгын төлөгөнүн да билдирди.
"Бирок алар бизге канча телефон каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымат бербей жатышат. Ошол жеке менчик компаниянын "крышасы" ким экени белгисиз. Башка өлкөлөрдө муну мамлекеттик ишкана кылат. Бизге бул ортомчу компания кантип кирип алды? Бизде деле каттоону Санариптик өнүктүрүү министрлиги кыла алат. Ошол үчүн каттоо бекер болсун жана мамлекет тарабынан жүргүзүлсүн деген сунуш берип жатам", - деди Бекешев.