Bakai Bank - TEXPO IV көргөзмөсүнүн башкы демөөрчүсү Кыргыз бизнеси үчүн жаңы горизонтторду биргеликте ачабыз

2025-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкекте жеңил өнөр жай тармагындагы эң маанилүү иш-чара – Кыргыз Республикасынын Мода жана Текстиль ассоциациясы уюштурган TEXPO IV төртүнчү эл аралык көргөзмө өттү.

Бул көргөзмө өндүрүшчү, дизайнер, сырье жана жабдыктарды жеткирүүчүлөр, ритейл, логистикалык компания, каржы институттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Bakai Bank кыргыз бизнесин жана креативдүү экономиканын өнүгүшүн берилүү менен колдой турганын ырастап иш-чаранын башкы демөөрчүсү болду.

TEXPO IV 2025 үч күн бою жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдер жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча макулдашуулар түзүлгөн профессионалдык B2B-платформасына айланды.

Көргөзмөгө түрдүү тармактардын 2000ден ашык өкүлү катышты, ал эми 300дөн ашык компания кийим-кече, текстилден тартып өндүрүштүк жабдык, санариптик чечимдерге чейинки өздөрүнүн продукцияларын тааныштырды.

Анын салтанаттуу ачылыш аземинде Bakai Bank жетекчилигинин атынан Максат Байматовсөз сүйлөп, өлкөнүн экономикасы үчүн мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи:

«Бүгүнкү күндө TEXPO – бул жөн гана көргөзмө эмес. Бул өнүгүү, кызматташтык жана шыктануу үчүн платформа. Ушул жерде тренддер жаралып, өнөктөштүк түзүлүп, жаңы рынокко жол ачылат. Bakai Bank бизнестин ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат. Биз ишкерлер кандай көйгөйлөргө туш болушарын жакшы түшүнөбүз, ошондуктан алардын идеясы жаралгандан баштап брендди ирилештиргенге чейинки ар бир баскычында колдоого даярбыз”.

TEXPO’нун алкагында Bakai Bank’тын командасы бизнес үчүн кеп-кеңеш берген жайды уюштурду: ал жерден катышуучулар эсеп ачуу, каржылык чечимдерди тандоо, карта тариздөө боюнча жардам алышып, POS-терминалдар жана e-commerce-инструменттери тууралуу суроолорго жоопторду угушту. Ошондой эле өндүрүшчү менен жеткирүүчүлөр үчүн актуалдуу насыя программалары тааныштырылды.

Bakai Bank TEXPO көргөзмөсүн колдоо менен: “биз эртеңки күндүн экономикасын сөз менен эмес, так чечим жана аракеттер менен жараткандардын жанындабыз” деген активдүү позициясын дагы бир ирет далилдеди.

КР Мода жана Текстиль ассоциациясынамыкты уюштуруу үчүн, бардык катышуучуларга индустрияга салым кошкону үчүн, ал эми өнөктөштөргө ишеними үчүн ыраазылык билдиребиз.

TEXPO IV жаңы дымактуу долбоорлордун, экспорттук багыттардын жана технологиялык кызматташтыктын башаты болсун.

Bakai Bank — бизнес жана идея дүйнөсүндөгү сиздин өнөктөш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан