Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддердин биринде Озгур айылындагы жаш бала менен баарлашып, учурда короодо малы жок экенин айткан балага бизнес-план үчүн 200 миң сом акча бергенин көпчүлүгүбүз жакшы билебиз.
Дал ошол 13 жаштагы Бекбол Сулайманжанов менен SUPER.KG порталынын Ошко болгон сапарында жолугуп, анын келечек пландары жана мэр берген акчаны кайда жумшаганы тууралуу сурадык.
"Атам менен ойлонуп ал акчага 21 баш кой алдык. Учурда ошол койлорду карап жатам", - деген Бекбол.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.