Кыргызстандын Австрия, Словакия жана Чехиядагы элчиси Толенды Макеев кызматынын бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын ордуна президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, БШКнын мурдагы башчысы Нуржан Шайлдабекова дайындалды.
Шайлдабекова ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын өкүлү кызматын да аркалайт.