Кечээ, 22-апрелде Индиянын туристтик Пахалгам шаарында куралчан адамдар чабуул жасап, кеминде 26 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын көпчүлүгү туристтер болушкан. Ошондой эле бир нече адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Кол салуу Пахалгамдагы Байсаран талаасында болгон. Бул жер жергиликтүү Швейцария деп аталып келген жана көптөгөн тасмалар дал ушул жерде тартылган. Аталган жайга жөө же ат менен гана жетүүгө мүмкүн. Бул аймак Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашкан жана Индия тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал жактагы калктын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.
Ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди окуя тууралуу билдирүү жасап, күнөөлүүлөр жазаланарын билдирген.