Бишкек шаарында батирге кирип, акча каражатын уурдоого шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 11-апрель күнү милицияга Н.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 10-апрель күнү шаардагы Каракөл көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар жашыруун кирип, алтын буюмдарды, жалпы суммасы 200 миң сом акчасын жашыруун уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 205 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1999-жылы туулган М.Д. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.