Кызыл-Кыяда тоноочулукка шектүүлөр камакка алынды

Кызыл-Кыя шаарында видеобайкоо системасынын жардамы менен тоноочулук фактысы ачыкка чыкты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 60 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга кайрылып, белгисиз эки жаран аны күч менен коркутуп, Samsung Galaxy A52 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Окуя болгон жерде кызмат өтөп жүргөн Баткен ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиция сержанты Абдиев видеобайкоо аркылуу шектүүлөрдүн жүргөн багытын аныктап, 1987-жылы туулган Кадамжай районунун тургуну К.М. жана 1985-жылы туулган Ноокат районунун тургуну К.А. аттуу жарандарды Кара-Суу районунан кармап келген.

Жабырлануучуга телефону кайтарылып, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан