Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева өкмөттү ыкчам иштөөгө чакырды.
"Кашаң ат минип жол жүрсөң, камчылатып карытат" деген сөз бар да. Ушу кашаң аттай эле болду. Бүгүнкү күнү МинКаб барбы, жокпу? Эми бизге ал маанилүү эмес, ишти кылып, катыбызга жооп берип, элдин маселесин чечсе болду. Айылына чейин вертолёт менен барып жатат. Ишти кылып коюп, мага десе үйүнө самолётто барсын. Бирок иштер жасалбай, өтө кашаң болуп жатат", - деди ал.