Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 23-апрелдеги жыйында «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Аталган мыйзамды депутаттар Эрнис Айдаралиев менен Марлен Маматалиев демилгелеген. Ал жарандардын медициналык кызмат алуудагы маалымдуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.
Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, айрым түшүнүктөр жана терминдер боюнча тактоолорду киргизди. Ал эми депутат Камила Талиева мамлекеттик медициналык камсыздандыруу тутуму жетиштүү деңгээлде жолго салынбай жатканын белгилеп, бул жаатта эл аралык стандарттардан тажрыйба алыш керектигин билдирди.