Чолпон-Ата шаарындагы "Уют" жана "Уют плюс" мейманкана комплекстери мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, үч кабаттуу коммерциялык жайды, "Уют" жана "Уют плюс" мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганы аныкталган.
"Аталган К.К.А. буга чейин маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди", - деп билдиришти УКМКдан.