Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы "Нелегал" аттуу атайын рейд жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты – Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз келген чет элдик жарандарды, алардын эмгек ишмердүүлүгүн жана мыйзамсыз аракеттерди аныктап, көзөмөлгө алуу.
Рейддин жыйынтыгында 10го жакын мекеме жана чакан ишканалар текшерилип, 50гө жакын чет өлкөлүк жаран мыйзам бузгандыгы үчүн кармалды. Аларга жалпы 275 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Чет өлкөлүк жарандарга мыйзам бузуу жөнүндө жазма эскертүүлөр берилди. Эгер бул талаптар аткарылбаса, алар өлкөдөн чыгарылат.
ИИМ белгилегендей, бул иш-чара мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюп, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.