Ош шаарындагы түштүк-чыгыш тарабында жалпы көлөмү 6000 куб метрди түзгөн 4 ири суу кампасынын жана суу бөлүштүрүүчү борбордун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, негизги курулуш иштери аяктап, азыр айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, көрктөндүрүү иштери уланууда.
Объект толугу менен ишке берилсе, Ош шаары туруктуу жана толук таза суу менен камсыз боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, Ош шаарында жаан жааганда таза суу берүү убактылуу токтоп калат.