Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды жана бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жарнамалык чаптамаларды чаптоого уруксат берүүчү документтерди берүү схемасын уюштурушкан. Уруксат берүүчү документи унаанын кузовуна чаптамаларды чаптоодо айып пулдан качуу үчүн зарыл экендиги кошумчаланган.
"Транспорттук каражаттардын ээлери уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн кайрылган учурда, арыз туура түзүлүп жана толук маалыматтар берилген учурда уруксат берилүүчү документтер акысыз негизде берилиши керек. Бирок жооптуу адамдар жасалма жол менен ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, өз аракеттери менен жарандарды акчалай сыйлык берүүгө мажбурлашкан", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык милициясынын иликтөө бөлүмү менен биргеликте коррупциялык схеманын уюштуруучусу М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.