24-25-апрелинде Бишкек шаарында саламаттыкты сактоо тармагындагы масштабдуу бош орундардын жарманкеси өтөт. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара 24-апрель күнү Бөкөнбаев көчөсү 144а дарегинде жайгашкан С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда өтөт.
Ал эми 25-апрелде жарманке Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратында өтөт. Башталышы: 9:00.
"Иш-чаранын максаты - медициналык мекемелерди кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана жаш адистерди иш менен камсыз кылуу. Иш-чара ачык жана бардыгы үчүн акысыз", - деп белгиленген маалыматта.