Армениянын премьер-министри Николь Пашинян кечээ кечинде Ереванда өткөн факелдин жүрүшү учурунда түрк жана азербайжан желектеринин өрттөлүшүн айыптап, муну провокация деп атады. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Назели Багдасарян мамлекеттик Armenpress агенттигине билдирди.
"Премьер-министр Пашинян мындай иш-аракетти кескин айыптайт жана аны жоопкерчиликсиз жана жол берилгис деп эсептейт. Эл аралык деңгээлде таанылган мамлекеттин, өзгөчө коңшу мамлекеттердин желектерин өрттөөгө мамлекет башчысы башкача көз карашта болушу мүмкүн эмес. Бул чагымчыл иш-аракет", - деп белгилеген Багдасарян.
Ошол эле учурда Пашинян Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн Сюник районундагы Хознавар айылындагы турак жайды аткылоосун, ок атышпоо режимин бузуу деп айыптап, Азербайжан бийлигин бул окуяларды иликтеп, түшүндүрмө берүүгө чакырган.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-апрелде Еревандын борборунда жүрүшкө чыккандар Азербайжан менен Түркиянын желегин өрттөшкөн.