АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекин соода маселелери боюнча күн сайын байланышта болуп жатканын айтты. Ал бул тууралуу Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
Буга чейин Трамп АКШ Кытайдан келген товарларга бажы төлөмдөрүн азайтарын айткан. Шаршембиде ал тарифтерди төмөндөтүү Пекиндин аракеттерине жараша болорун белгилеген. Америкалык лидер ошондой эле АКШ Кытай менен эки тараптуу соода жана бажы төлөмдөрү боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, Трамп апрель айынын башында 185 өлкөдөн келген товарларга бажы алымдары киргизилгенин жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген. Көп өтпөй Пекин жооп кылып, АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизген.
Андан бери эки өлкө бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын улам-улам көтөрүп келишти.