Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу жаңы кызматка дайындалды 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Адам Кадыров жаңы жогорку кызматка дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы Адам Кадыров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин сайтында маалымдалгандай, Кадыров бул кызматка мурда эле келген. Бирок дайындоо тууралуу расмий билдирүү болгон эмес. Анын катчылык кызматка келиши тууралуу маалымат 21-апрелде ачык көрсөтүлгөн. Анда "Адам Кадыровдун тапшырмасы менен анын орун басарлары: Аслан Жулагов жана Саламбек Абдрашитов Орусиянын Чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары менен кезектеги жумушчу жолугушууну өткөрдү" деп жазылган.

Буга чейин аталган кызматты Чеченстандын башчысынын жээни Хамзат Кадыров аркалап келген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айынын башында эле Адам Кадыров Ички иштер министрлигинин республика боюнча куратору болуп дайындалганы айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан