Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Ак-Кудук айылынын тургунунан анын атасына жасалган операциясы үчүн 90 миң сом опузалап талап кылган. Кармалган жетекчи Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.