Англиялык 75 жаштагы футбол калысы Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Англиялык 75 жаштагы футбол калысы Фил Кроссли эң узак калыс карьерасы боюнча рекорд коюп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал 1967-жылдан бери, тактап айтканда, 57 жыл футбол талаасында калыс болгон.

Ага 2022-жылы клапанын алмаштыруу үчүн жүрөгүнө операция жасалган. Бирок ал бир нече айдан кийин жумушуна кайтып келген. Учурда 75 жаштагы Фил Кроссли дагы да футбол талаасында калыстык кылууну пландап жатканын билдирген.

"Мен эч качан футбол ойнобой турганымды түшүндүм. Ошол себептүү калыстык кылууну чечип, канчалык бийиктикке жете аларымды сынап көргүм келди. Мен акыры футбол лигасында "Уэмбли" стадионунда калыстык кылууга жеттим", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан