Орусия Орто Азиядан барган эки жаран теракт пландаганын айтып, аларды жок кылды 

Орусиянын Нижний Новгород облусунда Орто Азиядан барган эки жаран теракт даярдап жаткан жеринен окко учту. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди.

"Нижний Новгород облусунда Орусиянын аймагында тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун идеологиясын карманган Борбордук Азиядан келген эки адам Украинанын атайын кызматы тарабынан пландалган диверсиялык жана террордук актыны жасаганы жаткандар аныкталган", - деп билдирди Федералдык коопсуздук кызматы.

Андагы маалыматка ылайык, шектүүлөрдөн украиналык жетекчисинин көрсөтмөсү менен мунай-химиялык өнөр жай ишканаларынын бирине теракт жасоо үчүн колго жасалган жардыруучу зат жана дрондор байкалган.

"Аларды кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөтүшүп, жооп кайтаруу менен зыянсыздандырылды", - деп белгилейт коомчулук менен байланыш борбору.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Федералдык коопсуздук кызматы жок кылынгандар кайсы өлкөнүн жарандары болгонун тактаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан