Таластагы район акимдеринин бири жемкорлукка шектелүүдө

Талас облусунун районудорунун биринин учурдагы акими, Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары жемкорлукка шектелүүдө. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал Ала-Бука районунда акимдин орун басары болуп турган кезде өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, "Жер участокторун которуу жөнүндө" мыйзамды бузуп, 2018-жылдагы буйругу менен мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 0,70 гектар жер участогун өндүрүштүк катары өзгөртүп, турак жай курууга уруксат берген. Натыйжада жер тилкеси жеке адамдарга берилип, мамлекетке 44 миллион 274 миң 050 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары учурда Талас облусунун райондорунун биринин акими болуп иштеген С.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан