Токаев Казакстанда тил таңуулоо аракеттери тууралуу билдирүү жасады

Казакстандын жарандарына күнүмдүк турмушта кандай тилди колдонуу керектигин таңуулоого эч кимдин укугу жок. Мындай пикирин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

"Казакстанда жеке баарлашууда жана эл алдында сүйлөп жатканда кайсы тилде сүйлөш керек экенин таңуулоого эч кимдин укугу жок. Бул темада коомубузга араздашууну тутандыруу жана өлкөнүн ичиндеги кырдаалды туруксуздаштыруу максатында жасалган ар кандай чагымчыл аракеттер мыйзам чегинде чегинде жазаланат. Мен сырттан буйрутма менен деструктивдүү иштерди жүргүзүп жаткандарды айтып жатам", - деди ал.

Токаевдин айтымында, казак бийлигинин саясаты “биз башкабыз, бирок биз теңбиз” деген принципке негизделген.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Токаевге Казакстанда орус тилине кылдат мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирген. Орус мамлекет башчысынын айтымында, казак лидери орус тилин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө активдүү жайылтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан