Бүгүн, 24-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстан менен ФАО ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына жана өнүктүрүү перспективаларына байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Азык-түлүк коопсуздугу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, жер ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
"Айыл чарба жана экологиялык актуалдуу маселелерди чечүүдө ФАОнун көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп айтты мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров агрокластерлерди өнүктүрүү, жашыл биотехнологияларды, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу технологияларын, жасалма интеллектти жана айыл чарба өндүрүшүндө жаңы заманбап жабдыктарды колдонууну киргизүү багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады.
Өз кезегинде Цюй Дунъюй президенттин өлкөнү жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгилеп, Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун жана уникалдуу жаратылыш шарттарын баса көрсөттү.
Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын ФАО менен алакасы мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишеним билдиришти.