Казакстандын Астана шаарында өткөн VIII Евразия китеп көргөзмөсүндө эң көп окурмандар тарабынан сатып алынган китептер катарына “Жанжаза” романы кирди. Бул туурасында чыгарманыны автору, эл аралык Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди.
Анын айтымында бул чыгарма казак тилинде экинчи жолу басылган.
"Бул чоң ийгилик! Романымдын казак тилинде экинчи жолу басылышы ушундай маанай жаратты. Казактын белгилүү сынчылары, адабиятчылары, окурмандары романды жогору баалады. Бу китеп форумуна 20дан ашуун өлкөдөн 50гө жакын басмаларда чыккан мыкты китептер катышты", - деп белгилеген автор.