
Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кызматкерлер тергөө абактагы шарттарды текшерип, кармалган жарандар менен маектешти. Алар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен жок.
Ошондой эле мониторинг учурунда Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен дагы жолугушканын кошумчалады
"Тилекмат Кудайберген уулу дагы эки киши менен бир камерада олтурат. Ал дагы УКМКнын СИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанган жок. Акыйкатчы Институту өз ыйгарым укуктарынын алкагында абактардагы жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү улантат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө жеткирилген. Аны 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-майга чейин камакта калтырган.