АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Киевге жасаган ракеталык соккусу тууралуу билдирүү жасады. Трамп The Truth Social социалдык тармагына пост жазып, анда Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган.
"Мен Орусиянын Киевге жасаган соккусуна нааразымын. Бул сокку керексиз жана өз убагында болгон жок. Владимир, токтот болду! Жума сайын 5 миң жоокер өлүп жатат. Келгиле, эмитен эле тынчтык келишимин түзөлү", - деп жазды Трамп.
Кечээ, 24-апрелге караган түнү орус аскерлери Киевге ракеталык чабуул жасаган. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, эң чоң кыйроо шаардын Святошинский районунда болгон. Ал жерде сокку турак жайга тийген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдеги бул соккулардын натыйжасында 9 киши өлүп, ондогон адамдар жарадар болгонун билдирди. Бүгүн, 25-апрель Киевде аза күтүү күнү деп жарыяланды.