"Баштагыла". Пакистан Индия менен согушка даяр экенин жарыялады

Пакистандын Коргоо министрлиги Индия менен согушууга даяр. Мындай билдирүү Пакистандын Коргоо министрлигинин социалдык тармагында жарыяланды.

"Силер согушту каалап жатасыңарбы? Анда баштагыла, Пакистан даяр. Моди (ред. Индия премьер-министри) биздин элди бириктиргениң үчүн рахмат", - деп жазылды постто ракета учурулган видеотасма менен.

Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф өз кезегинде азыркы кырдаал эл аралык коомчулукту тынчсыздандырышы керектигин белгиледи.

"Индия менен Пакистан сыяктуу эки өзөктүк державанын ортосундагы мамилелердин начарлашы бүт дүйнөгө коркунуч туудурат. Бул жаңжал толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн", - деп баса белгилеген Асиф.

Ал ошондой эле жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечсе болот деген үмүтүн билдирди.

Индия менен Пакистандын өзөктүк держава экенин белгилей кетүү керек.

Индия менен Пакистандын ортосундагы мамиле ушул жылдын 22-апрелинде кескин курчуп кетти. Бул күнү террорчулар Кашмирдеги талаштуу аймакта жайкын тургундарга жана туристтерге кандуу чабуул жасашкан. Кол салуудан 27 адам каза болгон, алардын 25и Индиянын жарандары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан