Казакстанда Серик Голова деген каймана ат менен белгилүү соттолуучу Серик Жаманаев онкологиялык дарттан дарыланып жаткан ооруканада каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.
Расмий маалыматтар боюнча, соттолгон Жаманаев 2024-жылдын декабрь айында түзөтүү абагына которулган.
"Ал келгенден кийин дароо толук медициналык кароодон өтүп, боор рагы, үчүнчү стадия деген диагноз коюлган. Ошол учурдан тартып ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Соттолуучу бир нече жолу медициналык мекемелерге текшерүү жана дарылануу үчүн жеткирилген. 8-апрелде ал көп тармактуу онкологиялык ооруканага жаткырылган. Көрүлгөн чараларга карабастан, ал 25-апрелде каза болду", - деп жазылат анда.
Криминалдык чөйрөдө Серик Голова деген ат менен белгилүү болгон Серик Жаманаев Казакстандын тарыхындагы биринчи "мыйзамдагы ууру" болуп эсептелген. Аны кылмыш чөйрөсүндөгү таасиринен улам "түрмөлөрдүн начальниги" деп аташкан.
Маркум 2021-жылдын башында 19 жылга эркинен ажыратылган.