Төрага Тургунбек уулу Словакиянын ТИМ башчысы менен жолукту 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу сүйлөшүү болгон.

Төрага эки элди эгемендик алгандан берки дипломатиялык алакалар эле эмес, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеп, парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган.

"Жогорку Кеңеш Словакиянын улуттук кеңеши менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар. Айрыкча мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, депутаттык достук топторунун алкагындагы кызматташтыкты да өнүктүрүүбүз кажет. Себеби парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Андыктан 20 жылдык депутаттык тажрыйбасы бар министр катары аталган багытта жигердүү иш алып барасыз деген ишеничтемин", - деген Тургунбек уулу.

Ал эми Юрай Бланар Кыргызстандагы иш сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып, эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы доорун жаратуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан