Бүгүн, 25-апрелде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелер талкууланды.
Ага улай “Интрегельпо” кыймылынын алгачкы эшелону Кыргызстанга келгенине 100 жыл толгон тарыхый датага өзгөчө көңүл бурулду. Бул маанилүү дата кыргыз-словакия мамилелерин чыңдоодогу олуттуу этап болуп саналат жана маданий-гуманитардык кызматташууну өркүндөтүүгө негиз болуп берет.
Министрлер ар кандай деңгээлдеги сапарларды үзгүлтүксүз уюштуруу аркылуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары да чыңдоого өз ара умтулууларын ырасташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин жетекчилери Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Словакиянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визадан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 2026-2027-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту.