ӨКМге Азербайжандын өрт өчүрүүчү унаалары тапшырылды

Бүгүн, 25-апрелде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан өлкөсүнүн 10 өрт өчүрүүчү техникасы салтанаттуу тапшырылды. Бул туурасында министрликтин маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарада министр Бообек Ажикеев түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолду.

Ал эми Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин мырза кыргызстандык куткаруучу-өрт өчүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болууга, өлкөлөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан