Садыр Жапаровдун кызы коомчулукка көрүндү (сүрөт)

Бүгүн, 25-апрелде президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова жана кызы менен биргеликте көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Иш-чарадагы сүрөттөрдү президенттик администрация бөлүштү.

Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иш-чарасы Ала-Арча жаратылыш паркында "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо" эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында болгон.

Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземине эл аралык конференциянын кадырлуу коноктору дагы катышкан.

Белгилүү болгондой, өлкө башчынын кызынын аты Жанайым, ал учурда 20 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан