Кара-Суу районунун Шарк айылындагы "Г-О" унаа майларын алмаштыруу станциясында акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы бүгүн, 25-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, анын жалпы баасы 67 935 сомду түзөт.
Жогорудагы фактынын негизинде жеринде баштапкы документтер таризделди. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып мотор майлары, бензиндер, дизель майы, атайын жеңил жана орто дистилляттар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгонун эскертти.