
Кыргызстандын эки облусунда жер силкинди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, саат 16:37де өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудалык жер титиреди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми саат 16:32де MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында сезилген.
Учурда өлкөнүн эки дубанында жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.