Ош шаарындагы Кең-Сай конушу таза суу менен камсыз болууда (видео)

Ош шаарындагы Кең-Сай конушунун тургундары таза суу менен камсыз болууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2010-жылдан тартып аталган аймакка таза суу жеткирүү иштери башталып, кийин белгисиз себептер менен жумуштар токтоп калган.
"Бул аймакта жашаган эл таза суу менен камсыз болуп, учурда жалпы узундугу 7 чакырымга жеткен, таза суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү эл менен жолугушканда, тургундар таза суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышкан", - деп айтылат маалыматта.
25.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан