Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун жолугушуусу үч саатка созулуп, жыйынтыкталды. Бул туурасында Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орус басылмалары жазышууда.
Ушаков сүйлөшүүлөр үч саатка созулуп, "конструктивдүү жана пайдалуу" болгонун айтты.
"Бул сүйлөшүү бизге Орусия менен АКШнын эл аралык маселелери боюнча дагы жакындатууга мүмкүндүк берди", - деп кошумчалаган орусиялык өкүл.
Ал жолугушууда Орусия менен Украинанын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү жандандыруу мүмкүнчүлүгү да талкууланганын кошумчалады.
Азырынча АКШ тарап жолугушуу боюнча билдирүү тарата элек.